Ордо калаада №5-11-14 троллейбустук каттамдар убактылуу токтоду

Ордо калаада №5-11-14 троллейбустук каттамдар убактылуу токтоду.

Мэриядан билдиришкендей, бүгүн Манас проспектисинде авария катталды.

Жеңил унаанын айдоочусу троллейбустук түзүмдү сүздү. Учурда аба чубалгылары

калыбына келтирилди. Бирок түзүм оңдоло элек. Мындан улам аталган номердеги

троллейбустардын түндүк багытындагы каттамы токтотулду.