Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунда мыкты спортчу деп табылды.
Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунан билдиришти. Белгилеп кетсек,
Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медалга ээ болду.
Анда кыргызстандык балбан кыз латвиялык спортчуну 14:0 эсебинде утуп алды.
Мелдеш өткөн жумада Сербиянын Белград шаарында жыйынтыкталды.