Бишкекте муниципалдык коомдук транспорт күчөтүлгөн режимде иштөөдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы жана Бишкек троллейбус дирекциясы күчөтүлгөн режимде таңкы саат 05:30дан кечки 23:00гө чейин иштеп жатат.
«Линияда 102 автобус, 138 троллейбус каттамы бар. Андан сырткары бүгүн 1 миң 528 кичи автобустар иштеп жатат«, — деп айтылат маалыматта.