Бишкекте мыйзамсыз курулган объектилерди демонтаждоо уланууда.
Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Айни-Дагестан көчөлөрүнүн кесилишиндеги жалпы аянты 12 чарчы метрди түзгөн жеңил типтеги уруксатсыз коюлган объекти алынды.
Ошондой эле жол оңдоп-түздөө иштеринин алкагында Садырбаев көчөсүндөгү жарнак металл конструкциясы алынып, жол тазаланды.
Мындан тышкары, Жумабек көчөсүн бойлой мыйзамсыз курулган объектинин от жага турган меши, кире бериш бөлмөсү, тосмосу, дарбазасы алынды