Ырчы Джастин Бибер музыкасынын укуктарын сатышы мүмкүн

Ырчы Джастин Бибер музыкасынын укуктарын сатышы мүмкүн.

Массалык маалымат каражаттары артист 200 миллион долларлык келишимге кол коюуга аз калганын жазышууда.

Эгер келишим ишке ашса, компания музыкалык чыгармаларга гана эмес, Бибердин жазуу долбоорлоруна да укук алат.

Ырчы эмне үчүн өз музыкасынын укугун сатууну чечкени азырынча белгисиз.