Бишкекте мыйзамсыз орнотулган конструкцияларды алуу уланып жатат

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган конструкцияларды алуу уланып жатат.

Муниципалитеттин маалыматында, Ахунбаев – Садырбаев тилкелер

кесилишине өз алдынча курулган 11 метрлик дубал бузулду. Ошондой эле

Ахунбаев – Элебаев көчөлөр кесилишиндеги уруксаат кагазы жок сатуу

күркөсү алынды. Мындан сырткары күн сайын жарнамалык баннерлер

чогултулуп жатат. Белгилеп кетсек, мыйзамсыз курулуштар жөнүндө

видео же сүрөт аркылуу фактыларды Жер жана курулуш башкармалыгына

катардагы жарандар дагы жиберип турса болот.