Консулдук кызмат департаменти жарандарды кабыл алууну убактылуу токтотту

Консулдук кызмат департаменти жарандарды кабыл алууну убактылуу токтотту.

Бул эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, — дешти Тышкы иштер министрлигинен.

Эгерде зарыл себептер менен өлкөгө киргенге же чыкканга туура келсе шилтеме аркылуу

«Кыргыз консул» мобилдик тиркемесин көчүрүп, «Байланыш» функциясын басуу керек.

Ошондой эле өлкөгө кирүү зарылдыгын тастыктаган документтердин сканерленген нускасын тиркөө зарыл.