Кыргызстанда бала бакча кызматкерлери апрель айындагы маянасын толук түрдө алат.
Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалымат бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, март айында кызматкерлер айлыктарын толук көлөмдө алышты.
Эске салсак, 20-марттан тарта эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин мектепке
чейинки даярдоо мекемелери ишин токтотту. Ал эми мектеп, жогорку окуу жайлары,
кесипке үйрөтүүчү курстар 16-марттан тарта карантинге жабылды.