Апрель айынын пенсиясын үйгө жеткирүү “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашат

Апрель айынын пенсиясын үйгө жеткирүү “Кыргыз почтасы”

мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашат. Өкмөттүн

маалымат кызматынан билдиришкендей, банк картасынан

пенсия алуучулар мурдагыдай эле өз убагында карта аркылуу

акчаларын алат. Ал эми пенсияны карта аркылуу эмес, бирок

банктан алгандарга үймө-үй жеткирип берилет. Жашаган

аймактарда банкомат жок жарандарга “Кыргыз почтасы”

ишканасынын кызматкерлери пенсияны

график боюнча жеткирип беришет.