Ордо калаанын айрым аймактарында 3 күнгө газ берүү токтотулат.
Бул тууралуу «Газпром» ишканасы билдирет. Маалыматка ылайык,
бүгүнтөн тарта бейшембиге чейин Фрунзе көчөсүндө,
ал эми 3-марттан 5ине чейин 7 кичи райондо көгүлтүр от болбойт.
Убактылуу чектөөлөр авариялык жана калыбына
келтирүү иштери жүрүп жатканына байланыштуу