Бишкекте мыйзамсыз тургузулган объектилерди алуу уланууда

Бишкекте мыйзамсыз тургузулган объектилерди алуу уланууда. Иштерди Жер колдонуу башкармалыгынын кызматкерлери “Тазалык” ишканасы менен биргеликте жүргүзүүдө. Бул ирет Абдрахманов, Элебесов көчөлөрүндө жана Жибек Жолу проспектинде 50дөн ашык жарнамалык баннер алынды.

 

Ошондой эле, бир нече унаа жуучу жайлары жана соода павильону түрттүрүлдү. Бул жаатта иштер дагы уланат, — дешти муниципалитеттен.