Кыргызстан айыл-чарбаны өнүктүрүүгө 59,5 миллион доллар алат

Кыргызстан айыл-чарбаны өнүктүрүүгө 59,5 миллион доллар алат. Тиешелүү макулдашуу өкмөт, Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү фонду ортосунда жетишилди.

 

Белгилеп кетсек, келишим ратификациялангандан кийин жаңы ирригациялык объектилер Жети-Өгүз, Тоң, Кочкор райондорунда пайда болот. Андан тышкары, Үч-Коргон, Шамси жана Түгөл-Сай дарыяларында 4 суу сактагыч куруу пландалууда.