Бишкектеги № 36 автобустун багыты өзгөртүлдү.
Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык,
эми коомдук унаа Жибек Жолу проспектисинен Осмонкул көчөсүнө кирбейт.
Мындан ары № 36 автобус «Ак-Ордо» калктуу конушунан Лермонтов көчөсүнө
ейин гана каттап баштайт. Коомдук унаанын багыты өзгөрүшүнүн себеби,
айдоочулар мурдагы жол тилкелерде унааларын туура эмес токтотушуп,
автобустун жүрүүсүнө тоскоолдук жаратчу.