Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот.

Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы билдирет. Бүгүн саат 9дан кечки 6га чейин

Үсөнбаев, Линейная, Бөкөнбаев, Байтик Баатыр, Ибраимов, Пушкин, Исанов,

Тоголок Молдо жана Профессор Зима көчөлөрүндө, Чыгыш-5 кичирайонунда,

Көк-Жар, Рухий-Мурас, Арча-Бешик жана Көлмө конуштарынын бир бөлүгүндө

электр энергиясы өчүрүлөт. Бул оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.