Бишкекте «Мыкты мектеп ашпозчусу» аталышындагы сынак өтүүдө

Бишкекте бүгүн, 20-ноябрда «Мыкты мектеп ашпозчусу» аталышындагы сынак өтүп жатат.

 

Аталган сынакка ар кайсы региондон келген 5 ашпозчу «Мыкты мектеп ашпозчусу» наамы үчүн ат салышууда.

Учурда финалчылар жасаган тамактарын калыстар тобуна жана келген конокторго тааныштырып жатышат.

 

Сынак билим берүү жана илим министрлиги, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) жана Тамак-аш өнөр жай институту тарабынан өткөрүлүп жатат.

Эске салсак, ашпозчулардын сынагы 2019 жылдын ноябрь айында башталып, бир нече этапта өткөрүлгөн:

1) Тандоо — каалаган мектеп ашпозчуларынын баары өз кесибине кантип келгендиги жөнүндө баяндарды жөнөтүшкөн;
2) Аймактык — эң уникалдуу жана кызыктуу окуялардын 35 автору мектептин менюсу үчүн жаңы тамактын рецептин ойлоп табышты;
3) Финал — эң оригиналдуу рецепттердин 5 автору финалга чыккан.