Мектептердеги карантин убагында мугалимдердин айлыгы толук түрдө сакталат. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришти. Эске салсак, өлкөнүн мектептеринде жана жогорку окуу жайларында 16-марттан 8-апрелге чейин жумалык карантин жарыяланган.
Бирок билим берүү мекемелеринин кызматкерлери бул күндөрү ишке чыга берет. Мугалимдер үчүнчү чейректи жыйынтыктап, журналдарды толтуруп, окуучуларга аралыктан тапшырмаларды берип турушу керек.