Кыргызстанда Сауд Арабиялык фонддун эсебинен салынып жаткан мектептердин курулушу кийинки жылы аяктайт

Кыргызстанда Сауд Арабиялык фонддун эсебинен салынып жаткан мектептердин курулушу

кийинки жылы аяктайт. Бул тууралуу мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча жалпысынан 27 жалпы билим берүү мекемеси курулат.

Учурда 26 объектиде иштер жүрүүдө. Ал эми 1 мектептин курулушу

чет элдик донор менен макулдашылгандан кийин башталат.