Бишкекте Сүйүмбаев көчөсү транспорт кыймылына жабылды.
Мэриянын маалыматына ылайык, анын Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейинки тилкесинде жылуулук тармагынын түтүктөрүн орнотуу иштери жүргүзүлөт.
Жумуштар 24-майга чейин созулат. Айдоочуларга альтернативалык вариант катары Гоголь, Осмонкул көчөлөрү сунушталат.