Аргентиналык футболчу Диего Марадонанын футболкасы рекорддук суммага сатылды. Легендарлуу оюнчу аны 1986-жылкы дүйнө чемпионатынын алкагында Англия курамасынын дарбазасына “тарыхый голун” киргизгенде кийип чыккан.
Бул футболка 9 миллион 300 миң долларга сатылды. Бул спортчулардын сатыкка чыгарылган кийими арасында эң кымбаты болуп калды.