Ош облусунда милициянын көчмө түйүндөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
Аймактык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн жана Чоң-Алай райондорун кыдырууда. Укук коргоочулар жарандар менен жолугушууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, арыз-даттанууларды кабыл алып жатат.
Мындай рейддер туруктуу негизде уланат, — дешти милициядан.