Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Москва, Мессарош, Токтоналиев, Лермонтов, Осмонкул көчөлөрүндө, Мурас-Ордо, Алтын-Бешик, Көлмө, Тынчтык, Арча-Бешик, Көк-Жар конуштарында жок болот.

 

Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.