Бишкекте санитардык талаптарды сактабаган мекемелердин ишмердүүлүгү токтотулат.
Спорттук, майрамдык жана мааракелерди өткөрүүгө киргизилген тыюу күчүндө, — деди
вице-мэр Татьяна Кузнецова. Ал белгилегендей, 14-майдан бери ишин жанданткан
9 миңге жакын объектиге мобилдик топтор текшерүү иштерин жүргүзүштү.
Анын алкаганда эрежеге баш ийбегендерге карата 1 миң 176 протокол толтурулуп,
2,5 миллион сомго айып салынды. Текшерүү иштери уланууда.