Бизнеске киргизилген мораторийдин мөөнөтү узартылды

Бизнеске киргизилген мораторийдин мөөнөтү узартылды. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин айтымында, эпидемиологиялык кырдаалдан улам ишкерлерди колдоо максатында мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүсүнө киргизилген мораторий дагы бир жылга узартылды.

 

Ошону менен 2021-жылдын аягына чейин бир дагы мамлекеттик көзөмөлдөөчү орган бизнестерди текшере албайт, ага укугу жок, — деди Асрандиев.