Материалдык резервдер фондунан Ош облусуна 1 миң 300 тонна ун бөлүнүп берилди.
Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн билдиришкендей, жардам аз камсыз
үй-бүлөлөр, Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлери, Ооган жана Баткен согушунун
катышуучулары, саламаттыкты сактоо жана укук коргоо кызматкерлерине тапшырылат.
Андан кийин социалдык коргоо кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия
муктаж жарандардын тизмеси боюнча берет.