Кыргызстандагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылды.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан 9-классты бүткөндөргө
105 миң 689 күбөлүк жана 11-классты аяктагандарга 60 миң 533 аттестат берилди.
Бардык документтер өз убагында шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнө жеткирилген.
Бүтүрүүчүлөр аттестаттарды алууда кезек жана аралыкты сакташты.