Бишкекте шаар күнү – 29-апрель жана Жеңиш күнү – 9-майга карата массалык иш-чара өткөрүлбөйт.
Мэриядан билдиришкендей, бул тууралуу эпизоотияга каршы комиссиясынын жыйынында айтылды.
Майрамдык иш-чарага тыюу салуулар эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, жарандардын
коопсуздугун сактоо максатында кабыл алынды. Эске салсак, былтыр дагы
пандемиядан улам Жеңиш күнүндө жүрүш өткөрүлгөн эмес.