Ошто 3 бала бакчанын курулушу жана Ак-Буура дарыясынын жээгин кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат

Ошто 3 бала бакчанын курулушу жана Ак-Буура дарыясынын жээгин кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемелери кеминде 100 орунга чакталат жана

алар “Түштүк” кичирайонунда, Жапалак башкармалыгындагы Арек айылында пайда болот. Планга ылайык,

2 объекти быйыл жыл ортосунда пайдаланууга берилет. Ал эми Ак-Буура дарыясы тууралуу айта турган болсок,

жеринде жээктерди тазалоо жана бекемдөө иштери жүрүүдө.