Милиция Ысык-Көлдө туристтик сезондо коомдук коопсуздукту камсыздоого даяр

Милиция Ысык-Көлдө туристтик сезондо коомдук коопсуздукту камсыздоого даяр. Облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө аймакта милициянын 700 кызматкери, элдик кошуундун 350 мүчөсү иштеп жатат.

 

Аларга жалпысынан 50 кызматтык унаа тапшырылган. Туристтик милициянын базасында чалуу борбору уюштурулган, анда туристтерге зарыл маалымат англис тилинде берилет. Андан тышкары, тиешелүү номерлер менен, кооз жерлердин даректери менен атайын баракчалар чышарылган.