Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык форум учурунда коопсуздукту 4 миң милиция кызматкери камсыздайт

Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык форум учурунда коопсуздукту 4 миң милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары Нурлан Исмаилов билдирди. Анын айтымында, өздүк курам кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү.

 

Эске салсак, Бишкекте 26-27-майда Евразиялык экономикалык комиссиянын саммити өтөт. Ага Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев келет. Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башка лидерлери саммитке онлайн форматта катышат.