Жергиликтүү кеңештерди шайлоого жана референдумга даярдануунун алкагында
Ички иштер министрлигинде ыкчам штаб түзүлдү. Ведомстводон билдиришкендей,
добуш берүү күнүндө коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн милициянын 9 миңден
ашык кызматкери ишке тартылат. Алардын 4 миңи шайлоо тилкелеринде болот.
Эске салсак, жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Конституциянын
жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум 11-апрелге белгиленди.