Добуш берүү учурунда 11 миң милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт

Добуш берүү учурунда 11 миң милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков билдиргендей, кызматкерлер  республика боюнча

2 миң 420 шайлоо тилкелерине бөлүштүрүлөт. Ички иштер органдарынын алдында

бардык мыйзам бузууларга ыкчам аракет көрүү тапшырмасы коюлду. Министр эскерткендей,

шайлоого катышуучулар мыйзамды сакташы керек, добуш сатып алуу жана сатууларга

кылмыш жоопкерчилиги каралган. Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда өтө турган

президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.