Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүнтөн тарта 28-апрелге чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

 

Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоо сунушталат.