Бишкекте эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу ишмердүүлүккө чектөө киргизилет.
Тагыраагы, 1-апрелден тартып соода борборлорундагы балдардын оюн-зоок аянттары ишин токтотот, — деп
билдирет вице-мэр Айжан Чыныбаева. Чектөөлөр 2 жумага созулат. Вице-мэр белгилегендей, нормалардын
сакталышын текшерүү үчүн соода борборлорунда рейд жүрөт. Мындай чаралар ордо калаадагы
эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашынан улам кабыл алынууда