Бишкекте такси кызматтары эми эс алуу күндөрү кайра иштей турган болду

Бишкекте такси кызматтары эми эс алуу күндөрү кайра иштей турган болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Эске салсак,  кечээ мэр Азиз Суракматов коронавирустун жайылышына бөгөт коюу үчүн бир катар чектөөлөрдү киргизген.

 

Коомдук транспорттун иш тартиби өзгөрүп, дем алыш күндөрү автобус, троллейбус менен бирге такси да токтомок. Көпчүлүктүн кайрылуусу менен сунуштарын эске алып, такси кызматынын эс алуу күндөрү да иштөөсүнө уруксат берилди.

 

Бирок аларда санитардык талаптар сакталышы керек. Айдоочулар сөзсүз беткап тагынып, жанында антисептик болушу зарыл.