Ордо калаада медицина кызматкерлери үчүн эс алуу күндөрү транспорт уюштурулат

Ордо калаада медицина кызматкерлери үчүн эс алуу күндөрү транспорт уюштурулат. Буга премьер-министр Кубатбек Боронов ишендирүүдө. Анын айтымында, учурда мэрия менен биргеликте дарыгерлерди жумушка жана кайра үйгө жеткирүү үчүн транспорт уюштуруу суроосу чечилип жатат.

 

Эске салсак, Бишкекте эс алуу күндөрү автобус, троллейбус жана маршруттук таксилер каттамга чыкпайт.