Бишкектиктерге кайрадан парк жана скверлерде сейилдөөгө тыюу салынды

Бишкектиктерге кайрадан парк жана скверлерде сейилдөөгө тыюу салынды. Мэр Азиз Суракматовдун айтымында, мындай чектөөлөр ордо калаада эпидемиологиялык абалдын курчуп баратканынан улам киргизилди.

 

Тыюу алдына ошондой эле, эл көп чогулган жерлер дагы кирет. Эске салсак, бүгүнтөн тарта Бишкекте өзгөчө режим күчүнө кирди. Анын алкагында коомдук транспорттун, тамактануу жайлардын жана соода түйүндөрдүн ишине чектөөлөр киргизилди.