Мамлекеттик каттоо кызматы жалпы жарандык биометрикалык паспорттордун жаңы үлгүсүн алды. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти. Андан такташкандай, учурда бланкаларды, коргоочу элементтерди жана дизайнды текшерүү жүрүп жатат.
Жаңы паспорттордун документтердин артыкчылыгы — коргоочу 30 элемент камтылып, электрондук чип жайгашкан.
Ошондой эле заманбап материалдар менен жасалып, жеке маалыматтар лазердик технология менен жазылат. Жаңы паспортторду кийинки жылдын ортосунда ишке киргизүү пландалып жатат.