Кыргызстанда эт дагы кымбаттады

Кыргызстанда эт дагы кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети таратты. Ага ылайык, соңку айда уй этинин бир килограммынын наркы дээрлик 5 сомго кымбаттап, 540 сомду түздү.

 

Эттин бул түрү эң кымбат Бишкекте – 566 сом, эң арзан Таластын Манас районунда – килограммы 440 сомдон сатылууда. Белгилеп кетсек, жыл башынан бери өлкөдө уй эти 57 сомго, кой эти 60 сомго на жылкынын эти 71 сомго кымбаттады.