Коронавируска чалдыккандар шайлоого мөөнөтүнөн мурда катыша алат.
БШКдан билдиришкендей, кайра шайлоо күнү карантинде болгондор
24-февралга чейин аймактык шайлоо комиссияларына добуш берүүгө
келе албаганы тууралуу арыз бериши керек. Көчмө бригада тынчтык күнү,
26-февралда көрсөтүлгөн дарекке келип, жарандын добушун алып кетет.
Белгилеп кесек, Жогорку Кеңештин Свердлов жана Биринчи Май округу
боюнча депутаттарын кайра шайлоо 27-февралда өтөт