Быйыл ордо калаанын үч конушу газга кошулат.
Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдиргендей, кеп,
“Рухий-Мурас” жана “Алтын-Ордо” жаңы конуштарында, ошондой эле
Көк-Жар айылы тууралуу болуп жатат. Жалпысынан көгүлтүр от менен
үч миңден ашык үй-бүлө камсыздалат. Чиновник кошумчалагандай,
былтыр Бишкектин 3 конушу жана Чүй облусунун
3 калктуу түйүнү газга туташтырылды.