Бишкекте троллейбустун айдоочулары иш таштады

Бишкекте троллейбус айдоочулары кайрадан нааразылык акциясын уюштурду. Алар айлыкты 70 миң сомго чейин көтөрүүнү талап кылып, иш ташташты.

 

Эске салсак, маянаны жогорулатуу талабын биринчи жолу троллейбустун айдоочулары бир күн мурун коюшкан.

 

Өз кезегинде «Бишкек троллейбус башкармалыгы» ишканасынын башчысы Талантбек Капаров айлык акы сентябрдан тарта 50 миң сомго чейин көтөрүлөрүн билдирген.