Кыргызстанда бензин бир жылда 72 пайызга, же 27 сомго кымбаттады.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2021-жылдын 11-январына карата өлкөдө АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 37 сомдон болсо, 2022-жылдын январында айдоочулар күйүүчү майды дээрлик 65 сомдон сатып алууда.
АИ-92 бензини 23 сомго кымбаттады. Белгилеп кетсек, күйүүчү майдын баасынын жогорулашы – бул дүйнөлүк тенденция жана мунай заттын дүң баасы өскөнүнө байланыштуу.