Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
12-14-август күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Жарандарга сак болуу сунушталат.