Каналдарды тазалоо жана ирригациялык тармактарды ишке киргизүү боюнча бардык иштер мартка чейин бүтүшү керек

Каналдарды тазалоо жана ирригациялык тармактарды ишке киргизүү боюнча

бардык иштер мартка чейин бүтүшү керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин

төрагасы Акылбек Жапаров вегетация мезгилине даярдануу боюнча кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, ар бир акимдин Айыл чарба министрилиги менен бирге иштелип

чыккан вегетация мезгилине даярдык көрүү боюнча конкреттү иш-планы болушу зарыл.