Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча арыздарды кабыл алуу аяктады

Бишкектин Ленин шайлоо округу боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, жалпысынан талапкер болууну каалагандардын саны 34кө жетти.

 

Боршайком учурда алардын алтоосун каттады. Талапкерлерди каттоо 20-августта аяктайт.

 

Добуш берүүнүн өзү 10-сентябрга белгиленген. Бул кайра шайлоо болгондуктан, талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана үгүт өнөктүгүнүн мөөнөтү кыскарган.