Бишкекте «Ынтымак-2» сейил багы ачылды

Бишкекте «Ынтымак-2» сейил багы ачылды.

Мэриянын маалыматына караганда, эс алуу аймагы Масалиев менен

Токтоналиев көчөлөр кесилишинде жайгашат. Сейил бактын борборунда

боз үй сымал 800 орундуу амфитеатр курулуду. Чыгыш бөлүгүндө улуттук

ордо оюну үчүн атайын аянтча бөлүндү. Андан тышкары, сейил бакта

комуздун инсталляциясы менен фонтан, майыптыгы бар балдар үчүн

инклюзивдик аянтча да бар. Кошумчаласак, сейил бакка Масалиев жана

Токтоналиев көчөлөрү аркылуу кирсе болот.