Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугун кышкы туристтик сезон маалында 400 милиция кызматкери камсыздайт

Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугун кышкы туристтик сезон маалында 400 милиция кызматкери камсыздайт. Аймактын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, аларга ошондой эле, 100дөн ашык элдик кошуундун мүчөлөрү жардам берет.

 

Чет элдиктер менен негизги жумушту туристтик милициянын жүргүзөт. Анын курамында 22 кызматкер бар. Белгилеп кетсек, облуста кышында иштей турган бир нече ден-соолукту чыңдоочу жайлар, санаторийлер жана тоо-лыжа базасы бар.