Жалал-Абадда автобустардын жол киреси 5 сомго кымбаттады.
Калаа мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык,
акыны шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу муниципалдык автобазасы жогорулатты.
Бул, жол киренин арзандыгы, ал эми күйүүчү-майлоочу майлар жана тетиктердин
кымбаттыгынан автобустар өз чыгымын жаба албай калганына байланыштуу.
Анын ортосунда шаардагы 1-класстан 5-класска чейинки окуучулар акысыз жүрөт.