Бишкекте өз билемдикке салынган үйлөрдү мыйзамдаштырууга акчага жардам берүүнү убадалаган шылуундар пайда болду

Бишкекте өз билемдикке салынган үйлөрдү мыйзамдаштырууга акчага жардам берүүнү убадалаган шылуундар пайда болду. Мэриядан эске салышкандай, мындай ишти көчмө топтор гана аткарат.

 

Эгер шаар тургундарына мындай сунуштар келип түшсө, анда ордо калаанын милициясына кайрылуу керек. Кошумчалап кетсек, бүгүнкү күнгө карата 300дөн ашык техпаспорт берилди. Бул документ өз билемдик менен курулган үйлөргө толук укук бербегени менен, тилкени мыйзамдаштыруунун бир бөлүгү болуп эсептелет.