Кыргызстанда тамчылап сугаруу жабдууларын өндүрүү боюнча завод ачылат

Кыргызстанда тамчылап сугаруу жабдууларын өндүрүү боюнча завод ачылат. Бул тууралуу Айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө 2,5 миңдей гектар жер тамчылап сугарылат, бирок дыйкандар арасында жыл сайын мындай системага суроо талап өсүүдө.

 

Андыктан, ведомство долбоорду ишке ашырууга инвесторлорду тартуу ниетинде.

 

Күтүлгөндөй, завод кийинки жылы ачылып, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында иштейт.